|
Кыргызстанда алгылыктуу иш жүргүзүп жаткан фонддор саналуу. Ишинин натыйжалуулугу жана алдыга койгон максаттарынын актуалдуулугу боюнча "Сорос-Кыргызстан" Фонду алдыңкы уюмдардын бири. Фонд филантроп Жорж Сорос тарабынан негизделген "Ачык коом институтунун" көмөгү менен Кыргызстан эле эмес дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө иш жүргүзөт. Биздин өлкөдө 1995-жылы расмий каттоодон өтүп, алдына Кыргызстанда жарандык коомду калыптандыруу максатын койгон. "Сорос-Кыргызстан" Фондунун аткаруучу директору Кумар Бекболотов жана фонддун Жаштар программасынын директору Улан Шабынов бүгүн бизде мейманда. Жаштардын, тагыраагы бир катар ЖОЖдун студенттердин катышуусу менен чай үстүндө баарлаштык.

Элзат Замирбек кызы, КЭУнун студенти:
- Урматтуу мырза меймандар, 23-февраль майрамыңыздар менен куттуктайбыз! "Сорос-Кыргызстан" фондунун иши тууралуу кабарыбыз бар. Бирок айрым бир суроолорубузга өз оозуңуздардан жооп алууга жакшы шарт түзүлүп отурат. Жакындан таанышып алдык окшойт, андамесе суроолорго өтсөк. Айсулуу Исабек кызы, БГУнун студенти: - Сиздердин фонддон грант утуп алгандар тууралуу көп угабыз. Жеңүү шарттары кандай? Сиздерде кыргызчылык кылып, тааныштарга уттуруп коймой жокпу? Кумар Бекболотов, "Сорос Кыргызстан" фондунун аткаруучу директору: - Биздин максатыбыз ачык коомдун түзүлүшүнө өбөлгө түзүү. Коомчулук тарабынан жарандык коом түзүү, атуулдар арасында теңчилик, маалыматка болгон суроо талаптарды кандыруу боюнча демилгелер болсо биз аларды колдоого ынтызарбыз. Мындай шартта сиз айткандай кыргызчылык кылып коюу - аткарган иштин баарын талаага чачуу болуп калат. Жогорку максаттарды коюнун зарылчылыгы кайсы анда? Бирок биз эч кандай саясый максаттарды көздөбөйбүз. Демократияны орнотуунун эки-үч жолу болот. Кээлер саясый жолду, же согуштук жолду тандап алат. Ал эми биз коомчулуктун алдыңкы демилгелүү катмары менен же, атуулдук коом аркылуу гранттардын негизинде иш жүргүзөбүз. Грант утуучуларды аныктоонун механизми бар. Фонддун кызматкерлери жеңүүчүнү өз алдынча аныктай албайбыз. Коомго болгон пайдасына карап, эксперттик комиссия чечим кабыл алат. Биздин фонддун жогорку органы катары Байкоочу кеңеши иштейт. Натыйжада коомдук кызыкчылыкты көздөгөн долбоорлор утуп чыгат. Бир программанын бюджети бир жылга чейинки мөөнөттө бир миңден жарым миллионго чейин болушу мүмкүн. Байкоочу кеңеш аркылуу ар бир өлкөнүн, коомдун муктаждыктарына жараша стратегия иштелип чыгат. Стратегиянын алкагында приоритеттер аныкталат. Учурда 7-8 программа иштеп жатат. Көбүнчө 20-30 миң долларлык долбоорлорду утуп жатышат. Назира Туюкова: - Акча адамды аябай кызыктырат да. Коомдун кызыкчылыгын эмес, акча үчүн жеке кызыкчылыктарды көздөп бекер 10-20 миң доллар грант алсам дегендер көп болсо керек? Кумар Бекболотов: - Мындай терс тенденциялар болбошу үчүн атайын эксперттик комиссия иштейт. Бир программа боюнча 20-30 сунуш түшө турган болсо анын ичинен эң татыктуусун кылдаттык менен тандап алабыз. Комиссиядан сырткары өзүбүздүн адистер да талдайт. Сунуш киргизип жаткан тараптардын иш-репутациясына, рекомендацияларга да көңүл бурабыз. Албетте, бул жерде акчанын фактору да рол ойношу мүмкүн, себеби айрым бир уюмдар өзүлөрүнүн күнүмдүк керектөөлөрүн камсыздоо үчүн да донорлорго кайрылган учурлар болот. Биз алардын күнүмдүк керектөөлөрүн камсыздай албайбыз, биз белгилүү бир иш-аракет үчүн, анын коомчулукка келтирген пайдасына карап каражат беребиз. Биз азыр жолдо келатып Улан экөөбүз ушул темада сүйлөшүп келаттык эле. Эгерде коомчулукта кандайдыр демилгелер көтөрүлүп, ал кызуу колдоо таап өз алдынча эле иштеп кете ала турган болсо биз ал жерге тетирисинче аралашпообуз керек. Анткени биз аралашып алардын демилгелүүлүгүнө бөгөт болуп калуубуз мүмкүн. Өз алдынча бараткан процесс донорлорго карап отуруп, башка нукка бурулуп кетиши толук мүмкүн. Мирлан Алымбаев: - Биздин өлкөдө жаштар саясаты ыраттуу болбой, ар ким өз алдынча, ар нерсенин таасиринде калып жатат. Бул боюнча силердин фонддо кандай программалар бар? Улан Шабынов, Жаштар программасынын директору: - Мен биринчиден редакцияга рахмат айткым келет. Ушинтип уюштуруп, жаштар менен иш алып баруу өтө маанилүү. Ал эми биздин программанын иштеп жатканына бир жылдан ашып калды. Кыргызстанда жаштар менен иштешкен эки гана уюм бар, Сорос фондунун программасы жана БУУнун Өнүктүрүү программасы. Биз 5-6 багытта иш алып барабыз. Негизинен гранттык негизде иштейбиз. Гранттарды өкмөттүк эмес уюмдарга жана жекече тараптарга бериле тургандыгына карап экиге бөлсөк болот. ӨЭУга 10 миң долларга чейин берилсе, жеке тараптарга 2 миң долларга чейин беребиз. Жеке, бейформал тараптар менен иштөө программасы жаштар үчүн өтө ыңгайлуу. Бул эл аралык программа Кыргызстандан сырткары 8 өлкөдө жүрүп жатат. Быйыл Кыргызстанда 46 жеңүүчү аныкталды, бул өтө жогорку көрсөткүч. Бизден кийинки экинчи орунда Сербия, аларда 26 грант берилиптир. Жаштардын ой-жүгүртүүсү, кызыгууларына чек жок эмеспи. Менин эсимде калганы блогинг боюнча сунуштар болду. Интернетти, блогингди өнүктүрүү программасына ылайык атайын тренингдер өткөрүлдү. Дагы бир жеңүүчүбүз Кыргызстанда кыргызча китептер маселеси курч экендигин эске алып, kitep.kg деген веб-сайт ачып, типографиялар менен макулдашып жарык көргөн китептердин баарын интернетке чыгарып турам дейт. Жалал-Абаддан бир атуулубуз айылыма бак-дарак отургузам, антпесе сел каптап баарын жууп кетип атат деген сунушун киргизди. Булар эми жаштар жөнөткөн сунуштардын айрымдары гана болду. Биз жаштарды эч кандай тематика же башка нерсе менен чектебейбиз. Каалаган идеяларды ишке ашыруу сунушуңарды жөнөтсөңөр болот. Грантты утуу үчүн ал долбоор коомго пайдалуу болушу керек. Макул, ал бүтүндөй Кыргызстандын деңгээлинде таасир эте албаса да, жок дегенде сиздин айылдын, окуу жайдын деңгээлинде, же 10-15 адамга таасири тийе турган долбоор болушу керек. Жеңүүчүлөрдү Кыргызстандагы эксперттерден сырткары чет өлкөлүк эксперттер да талдашат. Чет өлкөлүктөр көбүнчө инновациялык сунуштарды баалашат эмеспи, андыктан долбоор канчалык оригиналдуу, канчалык инновациялык болсо, анын грант алууга мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Жаштардын потенциялын жогорулатуу, Кыргызстан жаштарынын арасында интернет жана жаңы технологияларды жайылтуу программалары иштейт. Кыргызстандын жаштары башка өлкөлөрдүн жаштарынан артта калбасын деп аракет кылабыз. Кызыкдар болгон баардык жаштарды чакырабыз, эшигибиз дайым ачык. Сиздер болочок журналисттер экенсиздер, андыктан сиздер үчүн блогингдин пайдасы зор. Азыртадан блок менен иштесеңер кийин ММКда иштегениңерге жеңил болот деп ойлойм. Кумар Бекболотов: - Журналистика жөнүндө сөз болуп калды, мен да кошумчалай кетейин. ММКлар менен иштешүүдө мурун редакциялар түз иштеп келгенбиз. Техникалык каражаттар менен камсыздап берген учурларыбыз да болгон. Азыр фокусубузду бир аз өзгөрттүк. Журналисттердин натыйжалуу иштөөсүнө шарт түзүп берүү боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Эгер медиа тармак боюнча кандайдыр бир мыйзам долбоорлор болсо, аны эффективдүү түрдө талкууга алууга жардам беребиз. Журналистика чөйрөсүнө тийиштүү мыйзам демилгелердин баары эле коомго жакшылык алып келе бербейт. Мисалы, сөз эркиндигин чектөө болуп калышы мүмкүн же маалымат алууга болгон укуктарды чектеп коюшу мүмкүн. Ушундай учурларда журналисттик коомчулук менен иштешип түз жардам бере алабыз. Экинчиден, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү, анын методдору боюнча окууларды өткөрөбүз. Алмаз Болотов, КУУнун студенти: - ММКлар канчалык эркин, бейтарап болсо коомго ошончолук пайдалуу болот эмеспи. Бирок биз Кыргызстанда толук эркин деген ММК көрө албайбыз. Демократиянын туу башы деген Батышта деле ушул көрүнүш. Мисалы Грузия менен Россиянын ортосундагы согушту Батыш ММКсы бир беткей, орустар өз кызыкчылыгына карап чагылдырышты. Журналистиканын флагманы деген ММКлар АКШнын саясый инструменти экендигин көрсөттү. Мындан улам ММКнын табияты ушундайбы деген ой кетет экен. Мамлекеттик саясатка же учредителге көз карандылык сактала берет. А бирок чындап эле эркин ММКды түзүү үчүн кандай механизмдер керек деп ойлойсуз? Кумар Бекболотов: - Биринчиден, сөз эркиндиги баалуулук катары коомчулукта концепт түрүндө болсо да сакталышы керек, журналисттер ага болгон ишеними жоготбош керек деген пикирлер бар. Бирок ошол эле учурда сөз эркиндиги жана көз карандысыз журналистика бул миф, анткени журналисттер бирөөнүн заказын аткарат, саясый жана башка кызыкчылыктарды ишке ашыруунун куралы деген ойлор да бар. Менимче бул туура эмес жакка алып бара турган ой. Андай болсо кимге ишенебиз деген суроо туулат. Албетте, окурмандардын «ушул көз карандысыз, ушуну эле окушум керек» дегени болбойт. Ар тараптан, ар кайсы булактан маалымат алып өз алдынча картина түзүп алышы мүмкүн. Бирок бул ошол адамдын өздүк сапаттарына жараша болот. Ал эми көз карандысыз ММКны түзүүнүн механизми катары - алардын профессионалдык сапатын арттыруу жана рекламалык негизде финансылык көз карандысыздыкка жетүүсү биринчи шарт. Экинчиден, учредителдин аң-сезимин жогорулатуу. Бул Батыштын бир катар өлкөлөрүндө натыйжалуу иштеп келаткан механизм. Мисалы, инвестор катары каражатын салган күндө да ММКнын редакциялык саясатына кийлигишпейт. Мындай учурда коммерциялык блоктун чечими редакциялык саясатка, же редакциялык саясат коммерциялык бөлүмгө таасир этпеши керек. Редакция канчалык көз карандысыз болсо, окурмандар ошончолук көбөйөт, натыйжада бул коммерциялык кызыкчылыкты да арттырат. Бирок бул үчүнчү талапка алып келет, ага ылайык окурмандардын да деңгээли бийик болушу керек. Ар бир коом өзүнүн тарыхый жолун басып өтөт. Бир топ нерсе коомдун өнүгүү деңгээлине жараша болгон учурлар болот. Алмаз Болотов: - Мисалы «Азаттык» радиосу калыс иштейт деп кадыр топтоду эле. Бирок алар АКШ тарабынан каржыланат экен. Анан кыргыз өкмөтү ал радиону КТРдин жыштыгынан алып койгонун билебиз. Буга байланыштуу Башкы прокуратура атайын билдирүү кылды эле «Азаттык» радиосу кыргыз мамлекетин, Кыргызстандын конституциялык түзүмүн бузууга үндөйт» деп. Баятан бери көз карандысыздык тууралуу кеп кылып атабыз. Ошол көз карандысыздык кызыкчылыктан, болгондо да саясый кызыкчылыктан улам келип чыгып жатат, ошого баш ийип калып атпайбызбы? Кумар Бекболотов: - Менин жана айткандарым сиздин азыр айткандарыңызга эч кандай карама каршы келбейт го деп турам. Бирок мен «Азаттык» радиосуна эч кандай комментарий бергим келбейт. Биз ошол жолду басып өткөндөн кийин, ар бир ишти көргөндөн кийин гана шашпай бир жыйынтыкка келебиз го деп ойлойм. Жаркынай Кадыркулова: - Ар бир иштин, ар бир тараптын кызыкчылыктары болот эмеспи. Анын сыңары Сорос фондунун да өзүнүн кызыкчылыктары бар да. Эгерде сиз жетектеген Сорос фонду менен кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктары дал келбей, кайчылаш болуп калса сиз кайсы тарапта болосуз? Кумар Бекболотов: - Албетте, кыргыз жараны болгондон кийин коомдук кызыкчылыктарды колдоп беришибиз керек. Бирок сиз айткандай учурлар буга чейин болгон эмес, келечекте да болбойт деп ойлойм. Себеби, улуттук Сорос фондуларынын жогорку органы болгон байкоочу кеңешинде Кыргызстандын жарандары иштешет. Ал эми фонд алардын айткандарына тескери иш алып барбайт. Нурайым Султаналиева: - «Ачык коом» институту тарабынан жыл сайын жүз миллиондогон каражаттар бөлүнөт экен. Алардын канча бөлүгү Кыргызстандын Сорос фондуна каралат? Кумар Бекболотов: - 2009-жылдын статистикасы боюнча «Ачык коом» институту 800 млн. доллар бөлгөн. Анын ичинде Кыргызстан үчүн 3-4 млн. каралган. Бул салыштырмалуу аз десек болот. Мисалы 1990-жылдары Кыргызстан үчүн 6 млн. бөлүнгөн учурлар болгон. Мунун баары стратегияга жараша болот. Султан Төрөбеков, КУУнун студенти: - Сиздердин фонд кайрымдуулук боюнча кандай иш алып барат. Мисалы майыптарга ар тараптуу колдоолор керек да? Кумар Бекболотов: - Кайрымдуулуктун эки түрү бар. Биринчи учурда, муктаж болгондорго гуманитардык жардам катары тамак-аш болобу айтор түз жардам берилет. Ал эми биздин фонд коомдук кызыкчылыкты көздөгөн иштерге кайтарымсыз акча каражаттарын берүү менен иш аткарат. Сорос фондунун негиздөөчүсү Жорж Сорос атайын демилге менен чукул фонд түздү. Анын максаты дүйнөлүк кризистен жабыр тарткан катмарларга жардамдашуу. Бул программага Кыргызстан да кирген, бирок негизинен Чыгыш Европа, Прибалтика өлкөлөрүнө багытталган. Ал эми Кыргызстанда биз улуттук онкология жана улуттук кардиохирургия институттарына өтө зарыл болгон жабдууларды алып берүүгө жардамдаштык. Мындан сырткары жеке балдар үйлөрүнө да колдоо көрсөттүк. Жеңишгүл Шабданбекова: - Сорос фонду дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө иш алып баргандыгын билебиз. Ал эми Кыргызстанда кандай проблемалар боюнча көбүрөөк иштейсиздер? Кумар Бекболотов: - Чындап эле Кыргызстан Афганистанга же Прибалтика өлкөлөрүнө салыштырмалуу уникалдуу жагдайлары бар. Кыргызстанда миграциянын күчөгөндүгүн айтсак болот. Ар кандай этникалык топтор жашагандыктан конфликттик потенциал да күчтүү. Кыргызстанда проценттик көрсөткүчү боюнча жаштардын үлүшү чоң. Бул өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жакшы потенциал болуп берет, демек бир четинен жакшы. Бирок экинчиден, алардын экономикалык активдүүлүгү жана даярдыгы бар адамдардын аздыгы кедергисин да тийгизиши мүмкүн. Андан сырткары экономикалык мүнөздөгү бир топ маселелер бар. Биз өзүбүздүн приоритеттерибизди аныктоодо байкоо салып, ушулардын баарын эске алабыз. Гүлзада Дүйшеева, КЭУнун студенти: - Биздин билишибизче Сорос фондунун ишине Россия, Өзбекстан өңдүү өлкөлөрдө расмий тыюу салынган. Эмне себептен токтотулду? Кыргызстанда да токтоп калбайбы? Ага кандай себептер болушу мүмкүн? Кумар Бекболотов: - Кыргызстан боюнча кандайдыр бир коркунуч бар деп айталбайм. Андыктан мен анын себептерин да айталбайм. Бир гана учурда өзүбүз атайын токтотушубуз мүмкүн. Эгерде анализдерибиз Кыргызстанда ачык коом түзүлдү деп жыйынтык берсе, ишибизди токтотобуз. Кыргызстанда баары жакшы, сиздерди куттуктайбыз деп башка өлкөгө же иштер менен алектенүүгө өтөбүз. Ал эми Россия менен Өзбекстанда пикир келишпестиктерден улам токтоду го деп ойлойм. Сорос фонду койгон иш-максаттары мамлекеттик деңгээлде тоскоолдуктарга туш болду. Жекече пикирим ушундай. Аларды көрүп өзүбүзгө карата андай тыянак чыгарбоого аракет кылабыз. Себеби Кыргызстандын шарты башка. Элзат Замирбек кызы: - Биздин мамлекетте андай бут тосуулар жокпу, деги? Кумар Бекболотов: - Жок (күлүп). Себеби мамлекеттик бир катар органдар менен, алсак Жогорку Кеңеш менен өнөктөш катары иш алып барып жатабыз. Алмаз Болотов: - 1990-жылдары демократиялык толкун болду эле. Ошол маалда Жорж Сорос да Кыргызстанга көп акчаларды бөлүптүр. Дүйнөлүк кризистен улам мамлекет экономикага кескин түрдө кийлигишүүсү орун алууда. Ал эми экономиканы коомдон бөлүп карай албайт эмеспизби. У. Черчилль «Демократия эң жакшы түзүлүш эмес, бирок адамдар андан жакшысын ойлоп таба элек» демекчи, акыркы кезде демократиядан артка чегинүү процесси жүрүп жаткандай. Бул жагдай силердин фонддун ишмердүүлүгүнө кандай таасир тийгизүүдө? Кумар Бекболотов: - Бул жагдай бизге тоскоолдук кылып, ишибизди жүргүзө албай калдык дебейм. Бирок менин жеке оюмда дүйнөлүк деңгээлде болуп жаткан экономикалык кыйынчылыктар коомго, адамдарга өз таасирин тийгизет. Анткени күндөлүк турмушун, жегенге нан табууну ойлонуп жаткан адамга ал жагдай шайлоо укуктарын ойлоого бир аз чек коюп коюшу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда башкача тенденцияларды көрө алабыз. Мисалы экономикалык шарты бир кыйла начар мамлекеттерде демократиянын жакшы натыйжалары байкалууда. Алар бир катар мамлекеттерге шык берип, үлгү боло ала турган өлкөлөр. Мисалы Бангладеште күрүчтөн башка жей турган тамагы жок экенине карабай шайлоо укуктарын активдүү колдонушуп, жергиликтүү өкмөт менен да тыгыз иштешет. Андыктан экономикалык аргумент дайыма эле иштей бербейт. Мирлан Алымбаев: - Ачык коом түзүү аракеттерине, ага болгон мамилеси боюнча кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү эмнеде? Кумар Бекболотов: - Ачык коом түзүүгө кыргыз элинин тарыхый умтулуусу бар. Кыргыз элинде демократиянын үрөөндөрү эбак эле себилип, ал тургай ал эбак эле өсүп жетилген деген пикирлер көп жерлерде айтылып жүрөт. Азыркы учур боюнча айтсам, бул маселе улуттун мүнөзүнө барып такалат. Нурайым Султаналиева: - Акыркы мезгилдерде вестернизация процесси жүрүп жатат деген пикирлер көп айтылууда. Бул өңүттөн алганда сиздердин ишмердүүлүктү да туура эмес түшүнгөн учурлар болобу? Мисалы, Батыштын стандарттарын Чыгышка, анын ичинде кыргыздарга таңуулап атышат деген. Бул боюнча сиздин фонд жетекчиси катары эмес, инсан катары пикириңизди билгибиз келет. - Ооба бул айтылып келген маселе. Менимче бул донорлорго тийиштүү, анткени донорлордун көбү Батыштын каражаттарын же булактарын түшүндүрөт. Мындай пикирди тутунган адамдар бар. Ачык коом деп жаткандан кийин ар кандай ойлор болушу шарттуу нерсе. Ал эми бизге жат тартиптерди таңуулап жатат деген боюнча айтсам, бизге демократия жат нерсеби? Менимче андай эмес. Назира Туюкова: - Экөөңүздөр тең жаш экенсиздер. Азыркы жаштар үчүн ийгиликтин формуласы деп кандай кеңеш бере алат элеңиздер? Улан Шабынов: - Азыр жөн гана активдүү болгон жетишпей калды. Проактивдүү болуу шарт. Биринчиден максатты туура коюп, ага жетүү үчүн проактивдүү болууга туура келип жатат. Адам ар дайым өзүн өнүктүрүп туруусу керек. Мисалы, мен алган айлыгымдын 10%ын өзүмдүн өнүгүүм үчүн керектүү китептерди алууга же чет тил курстарына барууга жумшайм.
Даярдаган Урмат ИМАНАЛИЕВ
25.02.2010, №5 «Асман.kg» гезити |